Кыргызстандын ТИМи Абу-Дабиге пилотсуз учактардын чабуулун айыптады
Министрлик БАЭ өкмөтүнө жана элине колдоо көрсөтөт жана каза болгондордун жакындарына көңүл айтат
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Абу-Даби шаарындагы жарандык жана өнөр жай объектилерине пилотсуз учуучу аппараттардын жардамы менен жасалган кол салууну айыптайт.
Тышкы иштер министрлиги бул аракеттерди аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган террордук акт катары баалайт жана бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдоо менен терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө катуу айыптайт.
Министрлик Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө жана элине колдоосун билдирет, ошондой эле каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www