Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Осмоналиев Жапаров менен Мадумаровду эски таарынычтарды унутуп, элдешүүгө үндөдү

Экс-депутат коомдун катмарлашуусу өлкөгө коркунуч жаратып жатканын белгиледи

Экс-билим министри, экс-депутат Каныбек Осмоналиев Vesti.kg сайтына курган маегинде президент Садыр Жапаровду, ошондой эле депутат Адахан Мадумаровду амбициялардан баш тартып, коомду бөлүп-жарбоо үчүн ынтымакка келүүгө чакырды.

— Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров чыгаан саясий ишмерлер, — дейт Каныбек Осмоналиевич. - Эки саясатчынын тең саясий жана турмуштук тажрыйбасы чоң, башынан көптү өтүштү, коом алдындагы жоопкерчилигин сезишет. Аларды акылмандыкка чакырып, амбицияларды таштап, эски таарынычтарды унутуп, коомго, мамлекеттин кызыкчылыгына иштөө үчүн ынтымакка келүүнүн жолдорун издемекмин. Биздин бир миллиондон ашык жарандарыбыз республиканын чегинен тышкары эмгек миграциясында жүрүшөт. Мигранттардын арасында да эки лагерге бөлүнүү бар. Коомдун катмарлашуусу өлкө үчүн коркунуч. Мен бул тирештин отуна май тамызган саясий күчтөрдү айтып жаткан жокмун. Экономикалык маселелерди чечели, өлкөдөгү жакырчылыкты азайталы.

Мындан тышкары, экс-парламентчи Жогорку Кеңештин азыркы курамына чоңураак жана стратегиялык маселелерди карап, тагдыр чечүүчү мыйзам долбоорлорун кабыл алууну сунуштады.

«Жогорку Кеңешке жаш балдар келишти», - деп улантты Осмоналиев. -Бир чети, курамы жаңыланып жатканы жакшы. Бирок экинчи жагынан алардын тажрыйбасы жок, жарым жылдан кийин бюрократ болуп кетиши толук ыктымал. Парламент тарылып, күнүмдүк көйгөйлөрдү талкуулап жатат. Чоңураак жана стратегиялык маселелер каралышы керек. Тагдырлуу мыйзам долбоорлорун өткөрүү. Жер-жерлерде комиссияларды уюштуруу. Мисалы, Баткен облусуна иш сапары менен барып, айталы, чек ара маселелерин жеринде чечүү. Мындай темалар көп: билим берүү начарлап кетти, саламаттыкты сактоодо чечилбеген көйгөйлөр жетиштүү.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх