Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Орозай Нарматовага сотко кайрылып, БШКнын чечимине каршы даттанууну сунуштайм

Ошол эле учурда эл өкүлүнүн өзү “мыйзамсыз алынган” паспортун жокко чыгарууга болот деп тамашалады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев БШК Орозайым Нарматованы мандаттан мыйзамсыз ажыратты деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Парламентарий укук коргоо органдары Нарматованы кол тийбестиктен ажыратуу боюнча арыз менен гана иш козгошу керектигин баса белгиледи.

«Бул мыйзамсыз, анткени Конституциянын 79-беренесинин 2-бөлүгүндө депутатты мандатынан ажыратуу боюнча толук тизме бар. Ал депутаттыкка талапкер эмес, ансыз деле депутат. Эгер анын жасалма диплому бар экени укук коргоо органдарына жакпаса, анда иш козгоп, кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча арыз менен кайрылыш керек. Эми мыйзамсыз жол тандалып алынды», - деп жазган ал.


Бекешев эл депутаттарынан жогорку билим алуу талабын алып салууну жактай тургандыгын билдирди.

«Мен 5-чакырылышта Кенжебек Бокоев менен бирге парламентарийлердин жогорку билими боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген болсом да, депутаттардын жогорку билими боюнча талапты алып салууну жактайм.

Тажрыйба жана практика көрсөткөндөй, жогорку билим берүү менен билим берүү эки башка түшүнүк, өзгөчө Кыргызстанда. Биз бүтүндөй VI чакырылышты дипломдор менен өткөрдүк, анда эмне? Биздин санариптик өнүктүрүү министрибиз 30 жашында университетти сырттан бүтүргөн, бирок дистанттык окуу мезгилинде окуу планын аз эле өздөштүргөнүнө ишенем. Ушул күнгө чейин диплому бар, бирок араң окуган депутаттар бар. Президент Садыр Жапаров КРСУнун юридика факультетин мен менен бир жылы бүтүргөн (мен жаңы эле билдим), бирок анынгруппалаштары кимдер жана мамлекет жана укук теориясын эстейби?

Дипломго кандай талаптар коюлат? Учурда эч нерсе жок. Ал эми Нарматовага сотко кайрылып, БШКнын чечимине даттанууну сунуштайм», - деп жазат басылма.

Ал арада Орозайым Нарматова өзү да Борбордук шайлоо комиссиясынын аны депутаттык мандатынан ажыратуу чечимине комментарий берди.



"Абдан күлкүлүү. Биротоло паспортумду деле мыйзамсыз алган деп жокко чыгарып коюшпаптыр», - деп жазган ал.

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Умар 21.01.2022 13:42
"коюшбаптыр" деп туура жазылат, "коюшпаптыр" эмес. Чын эле билими жок экен Нарматованын.
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх