Президентти диплому: Дастан Бекешев Садыр Жапаровдун группалаштарын издеп жатат
ЖКнын депутаты ал да мамлекет башчысы сыяктуу 2006-жылы КРСУнун юридикалык факультетин бүтүргөнүн айтууда. Бирок парламентарий аны эч качан көргөн эмес
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбук баракчасына президент Садыр Жапаров КРСУнун юридикалык факультетинде билим алып, университетти 2006-жылы аяктаганын жазды.
Ал Садыр Жапаровдун группалаштарын издеп жатканын белгиледи.
«Орозайым менен болгон окуянын аркасында мен таң калыштуу кабарды билдим: Көрсө, Садыр Жапаров 2006-жылы КРСУнун юридикалык факультетин бүтүргөн экен, мен бул университетти жана факультетти бүтүргөм. Университеттен жолуккан эмеспиз... Анын группалаштары кимдер? Жооп бергиле», - деп жазган ал.
Сүрөт www