Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек ара кызматы кыргызстандыктар тажик номурлуу унааны таш бараңга алган деген маалыматты четке какты.

Бул боюнча тараптардын укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Тактап кетсек, бир күн мурун, 20-январь күнү Баткен облусунун Баткен районунун Бакай аймагындагы Ак-Сай айылындагы айланма жолдун тилкесинде Тажикстандын мамлекеттик номуру тагылган КамАЗ үлгүсүндөгү унаа көрүнгөн.

Аталган унаа КР УКМКнын Ак-Сай чек ара заставасы аркылуу Тажикстандын Хожай-Ало айылы тарапка катуу ылдамдыкта келе жаткан.

Кыргызстандын жарандары КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын маңдайкы айнегин талкалап салышкандыгы тууралуу Тажик Республикасынын Согди багыты боюнча чек ара өкүлү Кыргыз Республикасынын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлүнө билдирген. Ошол эле учурда айдоочуга кол салуу тууралуу маалымат тастыктала элек.

Бул факты боюнча тараптардын укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх