Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРСУнун профессору: Садыр Жапаров өзүн уят кылбоо үчүн абдан аракет кылчы. Ал активдүү студент болчу жана көп суроолорду берчү

Университеттин ректору президент кандидаттык диссертациясын «эң жакшы» деген баа менен жактаганын айтты

КРСУнун юридика факультетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын профессору, президенттин кеңешчиси, Конституциялык конференциянын мурдагы төрагасы Бекбосун Бөрүбашов Vesti.kg сайтына Садыр Жапаровдун кандай студент болгонун айтып берди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы башка студенттерден активдүүлүгү жана билимге болгон кызыгуусу менен өзгөчөлөндү.

«Мен Садыр Жапаровду, Чыныбек Абировду, Дастан Бекешевди окуткам», - дейт Бекбосун Ишенбекович. -Жапаров бардык студенттердей эле жакшы окучу. Сырттан окуп, депутат болуп университетти бүтүргөн. Өзүн уятка калтырбоо үчүн абдан аракет кылды. Мен ага мамлекет жана укук тарыхы, конституциялык укук жана эл аралык гуманитардык укук боюнча сабак бергем.Ал өзүнүн активдүүлүгү менен айырмаланып, көптөгөн суроолорду берди.

Ал арада КРСУнун ректору Владимир Нифадьев да Садыр Жапаров чындап эле 2006-жылы университетти аяктаганын расмий тастыктады. Анын үстүнө ал диссертациясын эң жакшы баалар менен жактаган.

«Коомчулуктун кызыгуусу арткандыктан, Жапаров Садыр Нургожоевич 2006-жылы КРСУнун юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктагандыгын КРСУ расмий тастыктайт. 2006-жылдын 19-майында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук абалы» деген темада кандидаттык диссертациясын «эң жакшы» деген баа менен коргогон. Садыр Жапаров университеттин бардык студенттери сыяктуу эле кыргыз жана орус үлгүсүндөгү дипломдор менен сыйланды», - деди ал.

Эске салсак, бүгүн депутат Дастан Бекешев социалдык тармак аркылуу Садыр Жапаровдун группалаштарына жооп берүүнү суранган. Парламентарий КРСУнун юридика факультетин мамлекет башчысына окшоп 2006-жылы аяктаганын айтты. Бирок, аны менен эч качан жолу кесилишкен эмес.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх