Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров дистанциялык иштөөгө өттү

Бул мамлекет башчынын Кытайга боло турган сапарына байланыштуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.

Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх