Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаирбек Ташиев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча арыз бере элек

БШК мүчөсү УКМКнын жетекчисинин агасынан тиешелүү арыз түшкөндөн кийин комиссия Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жаңы шайлоону дайындай турганын түшүндүрдү

УКМКнын төрагасынын бир тууганы, депутат Шаирбек Ташиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы түшө элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Ташиевдин арызы түшөөрү менен комиссия мүчөлөрү Жалал-Абадда бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жаңы шайлоонун мөөнөтүн бекитүүгө киришет.

- Депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз түшө элек, - деп түшүндүрдү Бекматов. - Арыз түшөөрү менен БШК аны карап, канааттандырат. Андан кийин бир мандаттуу Жалал-Абад шайлоо округу боюнча жаңы шайлоонун датасын бекитүүгө киришебиз.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев анын бир тууганы Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырарын анын алдында билдирген.

Атайын кызматтын жетекчисинин айтымында, ал кыргыз элинин пикирин эске алып, мурдагы жетекчилердин катасын кайталабаш үчүн «туугандарын чоң кызматтардан кетирүүдө».

Шаирбек Ташиев журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө катышты.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх