Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянова: Митингден кийин Болот Темиров менен Болот Назаровду колдоп чыккан эки активистти милиция сабады

ШИИБ активисттер кол салуу үчүн кармалганын, бирок кийинчерээк коё берилгенин түшүндүрдү

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бир күн мурун журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду колдоп митингге чыккан эки активистти милиция кызматкерлери сабап салышканын Facebook баракчасында билдирди.

"Ал ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, жарандардан кечирим сурап, бошотууну өтүнгөн.Урматту ички иштер министри Ниязбеков мырза!
Болот Темиров менен Болот Назаровду бүгүн сотто  Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбек активдүү колдоп турган. Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп сабап милиция кызматкерлери Фучикдеги бөлүмүнө  алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?!
Кечирим сурап тез арада кое бересинер деген үмүттөмүн!"



Ал арада Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына бүгүн, саат 00:05 чамасында Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишине жакын жерде жаңжал чыгып, ал мушташка айланганын билдирди. Мушташтын уюштуруучулары Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-1 бөлүмүнө жеткирилди.

Бул факт Ленин РИИБнин КЖБРге катталган.

Белгиленгендей, алдын ала маалыматтар боюнча, жарандар Ш.Н. жана Н.А., Калык Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп, Т.С.нын денесине залал келтиришкен. Андан ары жаран Т.С., алардан качып, коомдук тартипти сактоо кызматында турган ИИМдин ПМК кызматкерлерине жардам сурап кайрылган.

Бирок РИИБге жеткирилгенден кийин ал жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүдөн жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Жеткирилген адамдардан түшүнүк кат алынып, андан соң бардыгы дароо бошотулган.

Учурда катталган материалды текшерүү иштери жүрүп жатат.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх