Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан жүгөрү экспорттоого тыюу салуу ниетинде

Ошол эле учурда департамент канттын импортуна кошумча нарк салыгын алып салууну пландоодо

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мекеме мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле айрым азык-түлүктөрдүн базар баасын турукташтыруу үчүн чаралар көрүлүшү керектигин түшүндүрүүдө. Ошентип, экспортко тыюу салуу жүгөрү экспортуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ошол эле учурда Айыл чарба министрлиги айрым товарлардын дүң баасын арзандатуу жана азык-түлүк коопсуздугу маселесин чечүү үчүн аларды импорттоодо кошумча нарк салыгын алып салууну көздөөдө. Кеп кант, май өсүмдүктөрү жана асыл тукум мал жөнүндө жүрүп жатат.

Эске салсак, былтыртан бери Кыргызстандан буудай, кумшекер, өсүмдүк майы, жумуртка жана мал азыгын экспорттоого тыюу салынган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх