Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров медициналык мекемелерди COVID-19 оорусунун кескин өсүшүнө даярдоону тапшырды

Министрлер кабинетинин башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигинде жыйын өткөрүп, бир катар ооруканаларды кыдырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавирус инфекциясы дартынын күчөп кетүү ыктымалдыгына даярдык маселеси талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын күчөшү ыктымалдыгына толук даярдыгын камсыздоону тапшырды.

Кеңешменин алкагында ведомствонун ишинин актуалдуу маселелери, анын ичинде кадрдык маселелер, медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, медициналык мекемелердеги кызматкерлердин штаттык расписаниесин оптималдаштыруу, саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү маселеси талкууланды.

Акылбек Жапаров ошондой эле Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасына барды.

Ал медициналык мекемелердеги бейтаптарды дарылоо жана дарылануу шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашып, аталган ооруканалардагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх