Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жарыкты өчүрүү. Анын себептерин аныктоо үчүн мамлекеттер аралык комиссия түзүлөт

Акылбек Жапаров мындай жагдай тарыхта биринчи жолу болгонун белгиледи

Борбор Азия чөлкөмүнүн бир катар өлкөлөрүндө болгон ири энергетикалык авариянын себептерин аныктоо үчүн мамлекеттер аралык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

«Биздин аймактык энергетикалык тутумубуз иштеп турган бүткүл мезгил ичинде мындай жагдай биринчи жолу болду, энергетиктер мындай болушу мүмкүн деп күтүшкөн эмес, бирок алар даяр болчу», - деди ал. Эмне болгонун комиссия аныктайт. Мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн бардык чараларды көрөбүз”.

Жапаров ар бири толугу менен автономдуу болгонуна карабастан, үч өлкөнүн энергетикалык системалары параллелдүү байланышта экенин түшүндүрдү.

«Буга чейин кырсык болгон учурда кошуналардан келген электр энергиясы менен куткарып келсек, бул жолу андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Биздин энергетиктер жана коңшу мамлекеттердин адистери муну болтурбоо үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп ишенем”.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх