Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Кытай өкмөтү өлкөбүзгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жардам көрсөтүп келет

КРнын Президентинин “Борбор Азия мамлекеттери – Кытай” саммитинде сүйлөгөн сөзү

«Биз жалпы күч-аракетибизди көптөн бери азап чегип жаткан афган жеринде мүмкүн болушунча тез арада бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга багыттайбыз деп ишенем. Афганстандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу зарыл деп эсептейм», — деп билдирди бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн форматтагы саммитинде.

Мамлекет башчысы Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле аймактык жана глобалдык коопсуздук системасынын негизги көйгөйүнө айланган Афганстандагы оор аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирерин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын кызыкчылыктары үчүн учурдагы күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча Афганстандын жаңы бийликтери менен келечектеги диалогго жана өз ара аракеттенүүгө негиз түзүү маанилүү», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле, Садыр Жапаров Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун антитеррордук иш-чараларына катышууга, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана жамааттык операциялардын алкагында өз ара аракеттенүүгө артыкчылык берерин белгиледи.

Мамлекет башчысы саммиттин катышуучуларынын кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири терроризм жана экстремизм менен күрөшүү болуп саналарын белгиледи.

«Аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, жаңы террордук чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, сепаратизмге жана экстремизмге, баңги заттарын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүүдө биздин өлкөлөр үчүн биргелешкен күч-аракеттерди координациялоодо натыйжалуу аянтча болуп саналган Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилегим келет.

Биздин эл аралык террористтерге каршы, анын ичинде Казакстандагы акыркы кайгылуу окуялар учурундагы аракеттерибиздин ырааттуулугу натыйжалуу жана ынандырарлык.
Бул жаатта кызматташуубузду өнүктүрүү укук коргоо органдарынын потенциалын чыңдоого жана аймактык жана эл аралык кызматташтыктын таасирин олуттуу жогорулатууга жардам берет деп эсептейбиз», — деди Президент.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх