Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Токтогазиев кылмыштуу буйруктарды аткарган күч кызматкерлери менен соттордун кара тизмесин түзүүнү сунуштады

Экс-министр белгилегендей, эл бул “баатырларды” өңүнөн, фамилиясынан билиши керек

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев мыйзамсыз буйруктарды аткарган оперативдүү кызматкерлерди, тергөөчүлөрдү, соттордун курамына кара тизме деп аталган тизме түзүүнү сунуштады.

Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Токтогазиев укук коргоо кызматкерлеринин мыйзам бузууларын каттап туруу керектигин белгиледи.

«Мыйзам алдында бардыгы бирдей», - деди ал. - Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдарга баш ийиши керек, элдин кызыкчылыгын коргошу керек. Эгерде укук коргоо кызматкерлери абийирсиздикти көрсөтүп, жетекчилердин мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарса, анда алар мыйзамсыз аракеттерге шериктеш болуп калышат. Албетте, азыр жарандык коомдун ыйгарым укуктары жок, бирок мыйзам бузуу фактылары катталышы керек. Эл “баатырларды” өңүнөн, фамилиясынан билиши керек. Өлкөбүздө реформалар болот деп ишенем. Ал эми кара тизмедегилер мамлекеттик кызматка келе албайт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Бишкек ШИИББинин мурдагы башчысы Туратбек Мадылбеков учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактылары көбөйүп жатканын моюнга алды.

«Мен өзүм укук коргоо органдарында кызмат өтөгөм», — деди Мадылбеков Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Ал эми биздин убакта укук коргоо кызматкерлери да мыйзам бузган, бирок алар аз болчу. Азыр укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары көбөйдү. Аларды кара тизмеге эле киргизбей, мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл. Анан кылмыш кылуудан мурун ойлонушат.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх