Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров "Индия-Борбор Азия" саммитине катышат

Саммиттин соңунда Дели декларациясы кабыл алынат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эртең, 27-январда, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен жогорку деңгээлдеги “Индия - Борбор Азия” Диалогунун алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат.

Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнүн жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия менен Индиянын мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат.

Саммитке ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев да катышат.

2022-жылы Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толору белгиленет.

 
Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх