Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сөз эркиндигине кысым". Равшан Жеенбековдун жактоочусу кайрадан УКМКга суракка чакырылды

Кыздын чекисттер менен сүйлөшүүсү эртең саат 15.00дө болот

Саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы, активист Айсулуу Кудайбердиева кайрадан УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Кыздын айтымында, УКМК кызматкерлери аны 28-январда саат 15.00дө суракка чакырып, телефон чалып, кайсы иш менен сүйлөшкүсү келгенин такташкан эмес.

- УКМК кандай иш боюнча чакырылганымды так айткан жок, - деди Кудайбердиева. - Сөз эркиндигине, журналисттерге ачык эле кысым болуп жатканын көрүп жатабыз. Укук коргоо органдары кандай коркутуп-үркүтүү ыкмаларын билебиз.

Эске салсак, буга чейин активист УКМКга суракка чакырылган. 2020-жылы президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун шайлоо штабында иштеген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх