Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаныбек Абиров УКМКнын экс-жетекчисин элчи кылып дайындоо боюнча: ЖКнын тийиштүү комитетинин позициясы сунуштоо гана

Өз кезегинде Дастан Бекешев элчиликке сунушталган талапкерлерди ЖКнын кароосуна таптакыр жибербеш керек деп эсептейт

КРнын Конституциясына ылайык, президент элчилерди өз жарлыгы менен Жогорку Кеңеште бекитилбестен дайындоого укуктуу. Буга жаркын мисал катары жакында эле УКМКнын мурдагы төрагасы Идирис Кадыркуловдун Украинага элчилик кызматка дайындалышы бир топ талаш-тартыштарды жаратты.

Мындай учурда эл депутаттарынын пикири маселенин чечилишине таасир бере албаса, дипломатиялык өкүлдөрдүн талапкерлигин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде кароонун зарылчылыгы барбы?

Бул суроо менен Vesti.kg сайты депутат Жаныбек Абировго кайрылды. Ал профилдик комитеттин позициясы кеңеш берүү гана экенин эске салды.

«Конституцияга ылайык, өлкө президенти элчилерди депутаттардын макулдугусуз эле өзүнүн жарлыгы менен дайындоого укуктуу», - деп кайталады Абиров. - ЖКнын профилдик комитетинин чечимдери макулдашуу мүнөзүнө ээ.

Өз кезегинде дагы бир депутат Дастан Бекешев Vesti.kg сайтына берген маегинде элчилердин талапкерлигин Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде кароонун зарылчылыгы жок экенин белгиледи.

-Жаңы жана мурунку Конституцияларда элчилерди мамлекет башчы өзү дайындай турганда бул норма белгиленген, - деп түшүндүрдү Бекешев. - Президенттик аппарат эмне себептен элчинин талапкерлигин депутаттардын кароосуна жибергени түшүнүксүз. Атамбаевдин да, Жээнбековдун да убагында болгон. Садыр Жапаров алардан үлгү алды, бирок кечээки окуядан кийин алар бул ишти токтотот деп ишенем. Президенттик аппарат мыйзамга таянат. Бирок Конституцияга карама-каршы келсе, анда аны шайкеш келтирүү керек.

Эске салсак, парламенттин профилдик комитети Идирис Кадыркуловдун талапкерлигин четке каккан. Бирок президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен УКМКнын экс-жетекчиси Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх