Камчыбек Ташиев: Аскердик техниканы, өздүк курамды эмне кылууну сүйлөшүүлөрдөн кийин чечебиз (видео)
УКМК башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы абал Садыр Жапаровдун толук көзөмөлүндө экенине ишендирди
Баткен облусунда чукул штаб түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын, анын ичинде аскерлердин өкүлдөрү кирди. Бул тууралуу учурда чек ара жаңжалы болгон жерде жүргөн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, кырдаал президент Садыр Жапаровдун толук көзөмөлүндө.
«Саат 11:00дө тажик тарап менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз», - деди Ташиев. — Учурда чек ара тынч, көчөлөрдү кайтарып жатышат. Жабыркагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, эвакуацияланган тургундарга керектүү нерселердин баары берилет. Президенттин жарлыгы менен бул маселелер боюнча атайын комиссия түзүлдү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин аскердик техника жана жеке курам менен эмне кылууну чечебиз.
Фото www