Эл өкүлү кесиптештерине кыргыз-тажик чек арасына барууну сунуштады
Парламентарийлер тажик депутаттары менен сүйлөшкүсү келет
Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы Тажикстандын парламенти менен диалог өткөрүүнү сунуштады.
Эл депутаттары Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын өткөрүүнү талап кылууда.
Ал арада депутат Айбек Маткеримов кесиптештерин Баткенге барууну сунуштады.
Эске салсак, бир күн мурун тажик чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн тосуп алышкан. Андан соң тажик тарап Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүндө курал колдонуп, ок чыгаргандыктан кырдаал курчуп кеткен.
Учурда жабыркагандар ооруканада, чек ара айылдарынын тургундары эвакуацияланды. Атышуудан 11 чек арачы жабыркаган.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз