Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маалымат каражаттарына кысым уланып жатабы? Kaktus.media редакциясынын жанына белгисиз адамдар чогулду (фото)

10го жакын жаран журналисттердин кечирим суроосун жана маалымат каражаттарын жабууну талап кылууда

Kaktus.media редакциясынын жанында митинг өтүүдө. Нааразылык акциясына өздөрүн жарандык активисттербиз деп тааныштырган 10го жакын адам келди.

Кеңсеге эл басылма кыргыз-тажик чек арасында бир күн мурда болуп өткөн окуяларды чагылдырганына нааразы экенин билдирип келишкен. Бирок кийинчерээк жарыяланган төгүндөөлөрдү көрүшпөй, алар митингге басылманын эски маалыматы менен келишкен. Бир күн мурун жарыяланган материал «Азия плюс» гезитинен кайра басылып чыкканын бүгүн редакция билдирди.

Ага карабай жарандар басылмадан кечирим суроону жана башка көз карандысыз маалымат каражаттарын жабууну талап кылышты.

«Качанкыга чейин Kaktus.media, Azattyk, «Апрель» каналы жана башка сайттар чагымчыл материалдарды жарыялай берет? Качан биримдикке келебиз? Бул сайттар башка мамлекеттердин бизге душман болушуна шарт түзгөн жалган маалыматтарды чыгарышат», - деди аудиториянын бири.


Митингчилердин арасынан активисттер буга чейин Болот Темировду колдоо митингинде көрүнгөн чагымчыларды тааныды. Алардын бири бүгүнкү пикетке дал ушундай кийим менен келген.

Андан соң чогулган эл депутат Адахан Мадумаровго каршы сүйлөп, аны өздөрүнүн алдына алып чыгууну талап кылышты.


«ММКны саясат менен чаташтырбаңыз. Мадумаровду көргүң келсе жанына бар. Редакциянын буга кандай тиешеси бар?», - деп юрист Канат Хасанов аларга жакшы кеңештерин берди.

Ошондон кийин митингчилер Kaktus.media сайтынын позициясы туура экенин моюнга алып, ошентсе да аларга журналисттердин эмес, редакторлордун келишин талап кылышты.

Ошол эле учурда басылманын Instagram баракчасы жабылганы белгилүү болду.

Ал арада мессенджерлерде айрым жарандар дагы Vesti.kg менен Kloop.kg сайттарын жабууну талап кылып, бул сайттарды «коррупциялашкан» деп атап жаткан билдирүүлөр тарап жатат.

Фото vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх