Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү

Өкмөт башчы Баткен облусунун чек ара аймактарында жайгашкан бардык үйлөрдү мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу боюнча тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Баткен облусундагы кырдаал жана тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Тараптар окуянын себептерин иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзүүнү, чыр-чатактын чыгышы менен үйлөрүн таштап кеткен жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну, тиешелүү чек ара сызыгынан аскердик түзүмдөрдүн бардык бөлүктөрүн чыгарууну, бардык жолдорду тосмодон чыгаруу, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылуу.

Учурда аткарылып жаткан иштер боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев маалымат беришти.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында Акылбек Жапаров коомдук коопсуздукту талаптагыдай камсыз кылуу, эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсү, облустун инфраструктурасын жана башка муктаждыктарын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон каражатты бөлүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх