Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирактын «Аль Шарк» гезити кыргыз акыны Рахим Каримдин ырын жарыялады

Автор ырын аскердик башаламандыктын натыйжасында мекенин таштап кеткен жарандарга арнаган

Ирактын «Аль Шарк» гезити кыргыз акыны Рахим Каримдин «Үй кусалыгы» аттуу ырын араб тилинде жарыялады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Акындын айтымында, поэма баш аламандыктан, согуштук кагылышуулардан улам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгондорго арналган.

«Бул поэма дүйнөнүн тигил же бул өлкөлөрүндөгү баш аламандыктардан, улуттук, диний негиздеги аскердик кагылышуулардан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондорго арналган», - деди Карим.

Буга чейин Vesti.kg сайты Дубайда кыргыз акыны Рахим Каримдин англис тилиндеги ырларынан турган эл аралык антология басылып чыкканын маалымдаган.



Бириккен Араб Эмираттарынан келген акын, композитор жана журналист Адель Хозам тарабынан редакцияланган World Poetry Tree антологиясы («Дүйнөлүк поэзия дарагы». Сүйүү, үмүт жана тынчтык антологиясы) ырларды камтыган заманбап дүйнөлүк поэзиянын Рахим Каримдин көлөмдүү түстүү жыйнагы.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх