Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Максат Нусувалиев Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгын жетектеди

Буга чейин ал шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп иштеген

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Нусувалиев Максат Орозбековичти Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Буга чейин Нусувалиев мэриянын муниципалдык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.

Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын базасында түзүлдү. Ага башкармалык статусун берүү жана «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканаларын анын карамагына өткөрүү мекеменин жашоочуларды сапаттуу, коопсуз жана үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыздоодогу ролун жана ыйгарым укуктарын күчөтүү максатын көздөйт. Борбор калаанын көчөлөрүндө бирдиктүү транспорттук-жол саясатын жүргүзүү, коомдук транспортту жана шаар жолдорун өнүктүрүүнү эффективдүү пландаштыруу үчүн «Бишкекасфальтсервис» ишканасы да башкармалыктын карамагына өттү.

Нусувалиев 2020-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. 2021-жылдын сентябрынан тарта шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келет.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх