Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

160 миң сом эмес. Жогорку Сот Кыргызстанда азыр судьялар канча айлык алаарын билдирди

Фемида кызматкерлеринин маянасы Каржы министрлиги мурда билдиргенден аз экени белгилүү болду

Жогорку Сот буга чейин Каржы министрлиги тараткан судьялардын айлыгы айына 160 миң сомго чейин көтөрүлдү деген маалыматты төгүндөдү.

«2021-жылдын 1-июлунан тарта эмгек акы көтөрүлгөндөн кийин судьялардын айлыгы инстанцияларга жараша 46 миң сомдон 51 миң сомго чейин жетет. Эмгек акыга ар кандай кошумча акылар белгиленет: иш стажы, квалификациялык класс, белгилүү даражадагы чектөөлөр бар иштерди кароо, бийик тоолуу шарттарда иштөө жана башкалар. Райондук сотто 46 миң сом, облустук сотто 49 миң сом, Жогорку сотто 51 миң сом айлык акы. Эмгек стажына үстөк акылар ар бир судьянын иш стажын эске алуу менен 5%дан 40%га чейин өзгөрөт», - деп белгиледи КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы.

Тактап айтканда, буга чейин Каржы министрлигинин сайтында соттордун айлыгы көтөрүлгөндүгү тууралуу маалымат жарыяланган. Мекеменин маалыматына караганда, соттордун айлыгы 81 миң сом болсо, азыр 160 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх