Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Беларусиядан алынып келинген жаңы жүргүнчүлөрдү ташыган автобуска отурду (фото)

Өкмөт башчы автобус паркын толук жаңыртып, Бишкектеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдүн абалына өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин бир катар ишканаларын кыдырып, «Минск автомобиль заводу» ачык акционердик коому тарабынан сыноо мөөнөтү үчүн жиберилген белорус өндүрүшүндөгү жаңы жүргүнчүлөр автобусунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Министрлер Кабинетинин Төрагасына бул автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталганын билдирди. Анын өзгөчөлүгү катары майыптык коляска үчүн туткасы бар бүктөлүүчү тепкич, жүргүнчүлөрдү отургузуу/түшүрүүнү жеңилдетүү үчүн «Книлинг» жантайыңкы кузов тутуму, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тиешелүү шаймандарды бекитүү үчүн жабдуулар каралган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына барып, андагы автобустар паркынын абалы менен таанышты.

Маалым болгондой, автопарктын балансында 476 транспорт бирдиги бар, ал эми 300дөн ашуун авобус бузулгандыгына байланыштуу эсептен чыгарылууга тийиш.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, шаардыктарды ыңгайлуу жана коопсуз транспорт менен камсыздоо зарыл.

«Шаарда бардык нерсе шаардыктардын ынгайлуулугу үчүн каралышы керек. Автобус паркын толугу менен жаңылап, шаардын бардык ички көчөлөрүн оңдоо зарыл. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн жана аллеялардын абалына өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле таштандыларды сорттоочу заводдун курулушун тездетүү зарыл», - деп белгиледи ал.

Андан соң Акылбек Жапаров Э.З. Гареев атындагы ботаникалык бакка барды, анда ботаникалык бактын иши тууралуу бетачар сунушталып, актуалдуу көйгөйлөрү айтылды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх