Баткен облусунун ИИБсы: Чек арадагы мектептерде окуу жанданды
Окуучулардын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт
Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында 27-январда чек ара жаңжалынан улам жакынкы аймакта жайгашкан мектептерде окуу убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 31-январда Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паски-Арык, Таш-Тумшук айылдарындагы билим берүү мекемелери ишин жандантты.
Мектеп окуучуларынын коопсуздугун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт.
Мындан тышкары, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында милиция кызматкерлери тарабынан маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www