Айыл чарба министрлиги: Токойду калыбына келтирүү долбоорунун алкагында консультанттарга 5 миллион 349 миң доллар сарпталат
Жашыл климат фонду Кыргызстанга 29,9 миллион доллар бөлөт
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов токойлорду өнүктүрүүгө гранттын негизинде Жашыл климаттык фонддон Кыргызстанга 29,9 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди.
Депутат Чыңгыз Айдарбеков белгилегендей, жалпы гранттын 24,5 миллион доллары жергиликтүү жана чет элдик консультанттарга жумшалат. Министрдин орун басары бул маалыматты төгүндөп, кийинчерээк аларга жумшалган каражаттар боюнча так маалымат берүүнү убадалады.
Vesti.kg кененирээк маалымат алуу үчүн Айыл чарба министрлигине байланышты.
«Эл депутаты көрсөткөн сумма чындыкка дал келбейт», - деп түшүндүрдү ведомствонун басма сөз кызматы. - Долбоордун документине ылайык, долбоордун сегиз жылында эл аралык консультанттардын кызматына 923 миң доллар, жергиликтүү эксперттерге 4 миллион 426 миң доллар каралган. Жалпысынан консультацияларга 24,5 миллион доллар эмес, 5 миллион 349 миң доллар каралган.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www