Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте айрым кичи автобустардын жана №17 автобустун кыймылы өзгөрдү

Мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында коомдук транспорттордун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жума сайын чогулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бүгүн алты маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгы менен №17 автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү, Жамгырчинов көчөсүнө кире бериш жолду алып салуу чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле трафиктин схемасы боюнча жүрөт.

Өскөн-Ордо конушунун жашоочуларынын өтүнүчү менен Салкын-Төр жаңы конушундагы №188 кичи автобустун кыймыл схемасы бир айга убактылуу узартылды, калган схема өзгөрүүсүз калды.

№185 маршруттук кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлүп, азыр автобустар Алыкулов, Гагарин, Азия жана Ак-Дөөлөт көчөлөрү менен, Лущин көчөсүнөн тышкары акыркы аялдамасы мечиттин жанынан каттайт.

Белгилей кетсек, Лущина көчөсүндөгү №42 мектептин окуучулары үчүн атайын беш кичи автобус бөлүү чечими кабыл алынган.

Айта кетсек, №185 маршруттук такси азыр муниципалдык болуп калды.

Эске салсак, бул комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Түзүмгө ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын, Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын жана облусттук акимчиликтердин өкүлдөрү кирди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх