Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунун дыйкандарын жеңилдетилген насыялоо ыйгарым укуктуу өкүлдүн көзөмөлүндө

Абсаттар Сыргабаев бардык дыйкандарга насыя берүү боюнча маалыматты жеткирүүнү тапшырды

Облус жетекчиси айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоонун алкагында бардык район, айылдардагы дыйкандарга мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар боюнча маалымат берүүнү тапшырды. Ал жеңилдетилген насыяларды берүү процессин көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жазгы талаа иштерин өз убагында баштоо үчүн быйылкы жылы жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилет. Мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн кредитти төлөө мөөнөтү 36 айды, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалар, канаттуулар чарбасы, балчылык жана балык чарбасы үчүн 60 айды түзөт.

Берилген кредиттердин көлөмү:

1. Малчыларга жана эгин естуруучулерге — 300 миң сомдон 3 миллион сомго чейин. 300 миңге чейин - күрөөсүз 18 айга. 300 миңден жогору - 36 ай жана күрөө.

2. Үрөнчүлүк, асыл тукум, канаттуулар, балчылык жана балык чарбаларына, ошондой эле тоют даярдоочуларга - 10 миллион сомго чейин.

3. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы - 20 миллион сомго чейин.

Алты айга кредиттик эс алуу кредиттердин бардык категорияларына тиешелүү.

Кредиттердин жалпы суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

мал — 50 процент;

өсүмдүк өстүрүүчүлүк - 25 пайыз;

кайра иштетуу енер жайы — 25 процент.

Жакынкы күндөрү кредиттер «Айыл Банк», «РСК Банк», «Керемет Банк» бериле баштайт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх