Бишкектиктер тротуарды кафе менен мамы тосуп алганын айтып нааразы болушту. Мэр келди
Жердин ээси менен сүйлөшүп, ал жерди тротуар үчүн бошотуп берүүгө макул болгон
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Махатма Ганди көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде пландоо жыйынын өткөрдү.
Буга чейин шаардыктар тротуарды кафе менен мамы тосуп алганын айтып нааразы болушкан.
Арыздан кийин комиссия жерине барып, аймактын жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актысы, ошондой эле өз аймагында убактылуу объектти жайгаштыруу боюнча корутундусу бар экенин аныктаган.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жердин ээси менен келишим түзүлүп, ал аймакты тротуар үчүн бошотуп берүүгө макул болгон. Натыйжада жеңил объект жана түркүк демонтаждалат.
Азыр бул жерге тротуар төшөлүп, коомчулукта нааразычылык жаратты.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www