Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жол боюндагы бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды (фото)

Кылмышкер 43 жаштагы жергиликтүү тургун болгон

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан токой бактарын мыйзамсыз кыюунун алдын алуу жана аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Ошентип, 30-январь күнү саат 16:30дар чамасында Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарынын ортосундагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун жээгинде 8 дарак кыйылганын аныкташкан. Ал 43 жаштагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну болгон . Текшерүү учурунда жергиликтүү тургун милицияга бактарды кыюуга уруксаат кагазын көрсөтө алган эмес.

Аталган факты Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат реестрине катталып, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх