Жанар Акаев: Ворухка коридор берилбейт, Лейлек анклав болбойт
Эл өкүлү "Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген иштер жүргүзүлбөй жатат" деп ишендирди
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети чек ара маселесин жабык эшик артында талкуулаганын бир күн мурун депутат Жанар Акаев билдирген.
Парламентарий интернетте Баткен облусунун Лейлек району анклавга айланышы мүмкүн деген маалыматка комментарий берди.
«Жыйынга УКМКнын төрагасы, Чек ара кызматынын башчысы жана башка жетекчилер катышты. Ворухка коридор берилбейт, Лейлекке анклав болбойт. Бул талкууга да болбойт. Бул үчүн кооптонуунун кереги жок, анткени кандайдыр бир протокол күчүнө кириши үчүн эки мамлекеттин ортосундагы келишим керек. Президенттер баарын талдап чыгып, документке кол коюшат, ошондон кийин гана ал күчүнө кирет. Бирок эки мамлекеттин башчыларынын мындай келишимге кол коюу ниети тууралуу уга элекпиз. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген эч кандай иштер жүргүзүлбөйт деп ишендирем», - деп ишендирди Акаев.
Фото www