Эксперт ички рынокто алтынды сатууда терс тенденция байкалды
«Бул бийликтин, мисалы, УКМКнын кызматкерлерине үй салууга мүмкүнчүлүгү жок дегенди билдирет»
Кыргызстандын ички рыногунда Улуттук банктын ири алтын куймаларын сата башташы өлкөдө Кумтөрдө казылган алтынды сатууда чоң көйгөйлөр бар экенин айгинелейт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов билдирди.
Тактап айтканда, 1-февралдан тарта Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын ички рынокко сата баштайт. Куймалар «Кыргызалтын» ААК тарабынан даярдалган, салмагы 10,9дан 13,4 кгга чейин, курамында химиялык таза негизги металлдын курамы куймадагы эритме салмагынын 99,95 пайызынан кем эмес.
Сатуу баасы Улуттук банк тарабынан улуттук валютадагы ар бир куйма үчүн жекече белгиленет жана Улуттук банктын расмий сайтында күн сайын жарыяланат.
Негизги финансылык жөнгө салуучу алтын куймаларын кайра сатып албайт.
«Улутташтыруудан кийин алтындын чоң көлөмү сатылды деген сөздөр пиар гана болуп калды окшойт», - деп белгиледи Аюпов. - Чындыгында биз мурдагыдай эле баалуу металлды биржага сата албасыбыз айдан ачык. Ал эми ошол эле Кумтөрдү кармап турууга кеткен чыгымдар өсүп жатат. Кыязы, Улуттук банк алтынды башка жолдор менен сатышы керек.
Асылбек Нургазиевич кошумчалагандай, ири алтын куймаларынын баасына таянсак, Кыргызстанда аларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү барлар аз.
«Балким алар алтынды сатуу үчүн үчүнчү жактарды издешет», - деди ал. «Андай нерселер көбүнчө жабык эшик артында болот. Жалпы экономикага бул абал терс таасирин тийгизет. Анткени, биздин мамлекеттик бюджет Кумтөрдөн түшкөн пайданы эске алуу менен түзүлүп, андагы алтынды сатуунун үлүшү чоң. Бул, мисалы, УКМКнын кызматкерлерине үй салууга бийликтин мүмкүнчүлүгү болбойт дегенди билдирет. Ал эми айыл чарбасындагы кургакчылыктан, электр энергиясынын жетишсиздигинен келип чыккан көйгөйлөрдүн бардыгына кошсок, келечеги анча деле жакшы эмес.
Сүрөт www