БШК мүчөсү: Шаирбек Ташиевге мандатын тапшыруу боюнча арыз түшө элек
УКМКнын жетекчисинин бир тууганы өткөн аптада депутаттык мандатын тапшырууга убада берген
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы түшө элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, Ташиевдин арызы түшөөрү менен комиссия мүчөлөрү Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жаңы шайлоонун мөөнөтүн бекитүүгө киришет.
Анткен менен Ташиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу маселеси акырындык менен актуалдуулугун жоготуп баратат окшойт: бир күн мурун УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттерге анын бир тууганынын мандаты боюнча чечимди ЖКнын мүчөлөрү кабыл алышы керектигин билдирген. Ошол эле маалда буга чейин атайын кызматтын башчысы агасы мандатын сөзсүз тапшырарын билдирген.
- Анын шайлоочулары бар, - деди Ташиев. - Мен жөн гана өз оюмду айттым. Фракция мүчөлөрү чечим кабыл алышы керек.
Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев агасы Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырарын билдирген.
Өлкөнүн башкы чекистинин айтымында, ал кыргыз элинин ой-пикирин эске алып, мурдагы жетекчилердин катачылыгын кайталабаш үчүн «туугандарды чоң кызматтардан кетирет».
Кийин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо өтүнүчү менен Шаирбек Ташиев өзү мүчө болгон «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кайрылган.
Белгилей кетсек, Шаирбек Ташиев журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө катышкан.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www