Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылды

Академиянын окумуштуулар кеңеши кыргыз мамлекеттик ишмеринин туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитетинин демилгесин колдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына (КРПМБА) белгилүү мамлекеттик ишмер Ж. Абдрахмановдун атын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлык кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын алкагында жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана калыптандырууга кошкон тарыхый зор салымын эске алуу менен иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, Академиянын окумуштуулар кеңеши кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери Ж.Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөөнү уюштуруу боюнча комитеттин демилгесин колдоп, ошондой эле чыгаан мамлекеттик ишмердин ысымын билим берүү мекемесине ыйгарылышы сыймык экенин билдиришти.

Жарлыкка ылайык, КРПМБА мындан ары “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы” деп аталат.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх