Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Кытайга Си Цзиньпин менен жолугушуу үчүн барат

Негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу келечеги болмокчу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 3-6-февралда иш сапары менен КЭРде болот. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Жээнбек Кулубаев белгилегендей, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы белгиленип жаткан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланат.

“Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болмокчу.

Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”, - деп маалымдады КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх