Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрага Талант Мамытов депутаттарга бир айлык маянасын жабыр тарткан баткендиктерге которууну сунуштады

Парламентарийлердин айтымында, алар чек ара аймагындагы кырдаалды жакшыртууга бел байлашууда

Депутат Нурланбек Шакиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча элге маалымат берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

«Интернетте ар кандай маалыматтар көп, кээде карама-каршы келет», - деди ал. - Парламентке УКМКнын өкүлдөрүн чакырыш керек, алар чындап ал жакта эмне болуп жатканын элге ачык айтыш керек.

Эл өкүлүн кесиптеши Арсланбек Малиев да колдоп, айлыгынын бир бөлүгүн Баткен облусуна гуманитардык жардам катары которууга даяр экенин кошумчалады.

Өз кезегинде депутат Камила Талиева белгилегендей, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы да чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултууну көздөп жатат.

«Мен бардык депутаттарды биздин демилгени колдоого чакырам», - деди ал. -Ошондой эле Тажикстандан келген кесиптештерибиз менен жолугушууну сунуштап жатабыз, маселени чогуу чечиш керек.

Сыягы, Баткен облусундагы соңку куралдуу кагылыш темасы көпчүлүк депутаттардын жүрөгүн өйүгөн маселе. Дагы бир нече депутаттардын бул коогалаңдуу аймактагы мекендештеринин жашоо-турмушун кантип оңдосо болот деген ойлору бар.

Ошентип, “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков чек ара маселесин жөнөкөй сүйлөшүү менен чечүүгө болбой турганын билдирди.

«Чек араны бекемдөө үчүн армияга көбүрөөк акча бөлүү керек», - деди ал өз оюн билдирди. -Анда бул аймакта бизнести өнүктүрүү керек, эл иштегенге жер болсун. Балким Баткен облусунда өндүрүш ачкысы келген ишкерлерди 5 жылга салыктан бошотуп коёбуз.

Эл өкүлү кесиптештерине Баткен районунда ичүүчү суу жок экенин, ошондой эле жолдор начар экенин эскертти.

«Биз бул маселелерди тез арада чечишибиз керек», - деп жыйынтыктады ал.

Кадырбековдун сөзүнөн кийин дагы бир нече эл өкүлдөрү чек арадагы кырдаал боюнча ой бөлүшүп, жаңжалдын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүүнү сунушташты.

Жыйынтыгында парламент спикери Талант Мамытов бардык депутаттарга айлык маяналарын Баткенде жабыркагандарга которууну сунуштады.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх