Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды
Садыр Жапаров парламент менен кеңешпей туруп эле чечим чыгарган
Экс-депутат Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына президенттик аппараттан тастыкташты.
Садыр Жапаров мындай чечимди парламент менен кеңешпей эле өзү кабыл алганы белгилүү.
Президенттин басма сөз кызматы дайындоо боюнча комментарий бере элек. Өмүрбек Текебаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз