Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

№27 колонияда соттолгон адам баңги затын эт азыктарына катып өткөрүүгө аракет кылган

Ал жаран Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген

Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү мекемесинин алдында соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз берүү аракети токтотулду.

Ал  жаранды өткөрүүдө текшерүү учурунда ошол эле мекемеде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан башка соттолгон адамга арналган эт азыктарына кылдаттык менен катылган жалпы салмагы 77 граммды түзгөн баңгизаты (болжол менен гашиш) табылып, алынган.



Факты КЖБРге катталган. Кармалган жаран жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Аламүдүн РИИБге өткөрүлүп берилди.

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган адамдарга тыюу салынган буюмдарды берүү же берүү аракети кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келерин эскертет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх