Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен жөнөп кетти

Президент 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;

- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх