Текебаевдин элчи болуп дайындалышын партиялаштары кандай кабыл алышты
Жакында “Ата Мекен” жаңы лидерин шайлайт
Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалышын партиялаштары оң кабыл алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
«Кечээ партиялык чогулуш болуп, анда Өмүрбек Чиркешович сөз сүйлөдү», - деди ал. «Бирок биз анын бул кызматка дайындалышы мүмкүн экенин мурда эле билгенбиз жана бул жерде аны колдодук, анткени бул биздин тышкы саясатыбыздын маанилүү вектору. Мындай кызматка чоң саясий тажрыйбасы бар адам дайындалышы керек. Биз анын жаңы жумушуна ийгилик кааладык.
Гүлнара Курашбековна белгилегендей, мыйзамга ылайык, Текебаев партия лидерлигин тапшырууга милдеттүү.
- Азырынча саясий бирикмени Асия Сасыкбаева жетектейт - ал төраганын орун басары, - деп белгиледи Журабаева. - Асия Айтбаевна Текебаев камакта жатканда биздин ишибизди координациялап турган. Балким, жакында съезд өткөрүп, партияны расмий түрдө ким жетектей турганын чечебиз.
Эске салсак, бир күн мурун президент Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаевди Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Мамлекет башчысы парламент менен кеңешпей туруп, өз алдынча чечим кабыл алды.
Сүрөт www