Олимпиада Эверестке окшош. Кыргызстандык лыжачы Пекинге келди (видео)
Максим Гордеев комментатор Дмитрий Губерниев менен сүрөткө түшүп, Кытай тууралуу алгачкы таасирлери менен бөлүштү
Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Пекиндеги Олимпиадага келди. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети билдирди.
"Тоо лыжачысы Максим Гордеев аман-эсен Бээжинге учуп келип, Олимпиадалык шаарчага жайгашты", — деп белгилейт УОК. - Олимпиадалык шаарчада Оюндар башталар алдында адатта катышуучу өлкөлөрдүн желектерин көтөрүү аземи болот. Быйыл пандемиядан улам бул жөрөлгө өтпөй калды”.
Спортчу өзү да сапардан алган таасирлери менен бөлүштү. Ал ээн аэропорттон видео жарыялап, Кытай тараптын коронавируска каршы көрүлүп жаткан чаралары тууралуу айтып берди.
Кошумчалай кетсек, Максим Гордеев белгилүү орусиялык спорт баяндамачысы Дмитрий Губерниев менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
«Олимпиада чындап эле Эверестке окшош: бул жерде эң башкысы учуу. Бул ордунда окшойт. Беш сааттык сыноолор, сканерлер, сенсорлор, коддор, текшерүү пунктунан өтүү - жана биздин учактан минус беш киши", - деп жазган спортчу социалдык тармакта.
Олимпиаданын салтанаттуу ачылышы 4-февралга белгиленген. Максим Гордеев 16-февралда оюн көрсөтөт .
Фото www