Орозбек Молдалиев: Бийликтин бардык бутактары популизмден алыс болушу керек
Эксперт Эдил Байсалов менен парламенттин ортосундагы чыңалган мамилеге токтолду
Кечээ күнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңештин депутаттары өз ара сын пикирлерин айтышты. Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары парламентарийлерди жай иштеди деп айыптап, муну чыккынчылык катары баалады. Өз кезегинде эл өкүлдөрү Акылбек Жапаровдун орун басарын тизгиндөөсүн талап кылышты. Тактап айтканда, депутат Исхак Масалиев прокуратурага Байсаловдун айткандарына юридикалык баа берүүнү сунуштады.
Ал арада саясат таануучу Орозбек Молдалиев Vesti.kg сайтына берген маегинде бийлик бутактарынын ортосунда талаш-тартыштарга, пикир келишпестиктерге жол берилерин белгилеп, бирок саясатчыларды популизмден алыс болууга чакырды.
«Бийлик бутактарынын ортосундагы пикир келишпестик демократиялык коомдун белгиси», - деп эскертти Молдалиев. — Аткаруу бийлиги мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Эгерде депутаттар мыйзамдарды кароону жана кабыл алууну создуктурса, анда Министрлер Кабинетинин Председателинин орун басары фактылар менен талашып-тартышууга тийиш. Кандай мыйзам долбоору, качан сунушталды, кароонун мөөнөттөрү... Ал эми иш тартибинде маселелерди чечүү. Ал эми ЖКны күнөөлөп, басым көрсөтүүгө жол берилбейт. Жогорку Кеңеш эл тарабынан шайланган көз карандысыз орган. Бийликтин бардык бутактары популизмден алыс болушу керек.
Ислам Жолдошов
сүрөт www