Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Блогер Владислав Кыргызстандагы орустарга болгон мамиле тууралуу: Мен алар үчүн бир тууганмын (видео)

Лариса Булина түштүк борбор тууралуу видеоблог жасады

Кыргызстандык блогер, «Stand Up Osh» шаарынын тургуну Владислав Вадимович орусиялык кесиптеши Лариса Булинага Кыргызстандагы орустарга болгон мамиле тууралуу айтып берди. Видео "ТУРДУР Лариса Булина менен" YouTube-каналга жарыяланган.

Белгилей кетсек, орусиялык айым өзүнүн блогунда түштүк борбордун өзгөчөлүгү, жергиликтүү тургундардын жашоо образы жана жергиликтүү тамак-аш менен таанышкан. Кошумчалай кетсек, ал Владиславдан Кыргызстанда орустарга кандай мамиле кыларын сурады.

«Жаш кезимде мага «Сенин Россияңа кет» дегендер болгон», - дейт кыргызстандык. «Бирок менин үй-бүлөм жана досторум муну айтышпайт. Биз расага, улутка бөлүнгөн эмеспиз. Мындан тышкары, мен кыргыз жана өзбек тилдеринде сүйлөйм, бул чоң плюс. Мен алардын бир тууганымын. Эч кандай айырма сезилбейт. Орустарга катаал мамиле жок.

Андан ары  кыргыз жана өзбек тилдерин жакшы билгендигин көрсөттү.

«Биз бир үй-бүлөбүз, биз бир тууган элбиз», - деп белгиледи Владислав.

Канышай Балкыбекова
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх