Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоо үчүн импорттоочулар гана төлөйт
Маалыматтык коопсуздук ассоциациясы жарандардын жеке маалыматтары колдонулбай турганын билдирүүдө
Жарандардын буга чейин сатып алган уюлдук телефондорунун IMEI кодун каттоо автоматтык түрдө ишке ашат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Маалыматтык коопсуздук жана IT структурасын өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Баканов билдирди.
Анын айтымында, импорттоочу бардык мобилдик аппараттарды Кыргызстанга алып киргенде каттоо акысын төлөйт, баасы 700 сомду түзөт.
"Түзмөктөрдүн акыркы баасы акыркы колдонуучуга эч кандай таасир этпейт", - деп ишендирди ал. «Бирок, аппараттарды каттоо көптөгөн көйгөйлөрдү чечет, анын ичинде өлкөбүзгө импорттолгон продукциялардын эсебин алуу. Бул төлөм салык төлөмүнө кошулат. Азыр импорттолгон товарлардын көлөмү менен салык чогултуунун ортосунда чоң айырма бар. Бюджетке бул акча керек, бирок чөнтөккө кетет.
Баканов мобилдик аппараттарды каттоодо жарандардын жеке маалыматтары колдонулбай турганын кошумчалады.
Сүрөт www