Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо үгүт мезгили башталды

БШК талапкерлерди атаандаштарына каршы добуш берүүгө үндөбөөнү эскертет

7-февралда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо өнөктүгүнүн этабы башталды, ал 2022-жылдын 26-февралында саат 08.00гө чейин созулат.

Талапкер телекөрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген, аларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акысыз берилген эфирдик убакытты, басма материалдарын, аянтты төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга укуксуз:

1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияларга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратуу;
2) тигил же бул талапкер шайланса, мүмкүн болуучу терс кесепеттерди баяндоо;
3) ар кандай талапкер (кандайдыр бир талапкер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия жөнүндө маалыматтар ачык басымдуулук кылган маалыматтарды терс пикирлер менен айкалыштырып жайылтуу;
4) шайлоочулардын талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата терс мамилесин түзүүгө көмөктөшүүчү маалыматтарды таратуу.

Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет: эгерде шайлоочулар шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө мыйзам бузууларды байкаса, КР БШКнын Координациялык ыкчам аракеттенүү тобуна кайрылса болот.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган No27 Биринчи Май жана No29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 53 талапкерди каттаган.

БШКнын маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх