Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши кыскартылды

Сот Бишкектин экс-мэрине тагылган айыптар боюнча эскирүү мөөнөтү аяктаганын түшүндүрдү

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Алар жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти кыскартуу чечими кабыл алынганын такташкан.

«Суракматов өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыпталууда, кылмыш иштери 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылдары жасалган, башкача айтканда, 15 жылдан ашык убакыт өттү. Соттолуучу Суракматов жактоочунун өтүнүчүн колдоп, күнөөсүн мойнуна аларын, коюлган айыпты талашпай турганын, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн кызматташуу келишимдерин колдой тургандыгын, анын шарттарын толугу менен аткарганын түшүндүрдү. Келишимдин алкагында аларга КР УКМКнын депозиттик эсебинде турган 170 млн сом өлчөмүндө материалдык чыгым төлөнүп берилди», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, Мамлекеттик экспертиза борборунун соттук экспертизасынын корутундусуна ылайык, ага караштуу компания сатылган жер тилкесинин айырмасы катары эки миллион сомдон ашык суммадагы зыянды төлөп берген.  Жогорудагы каражаттар да УКМКнын бюджеттик төлөмдөрүн алуу үчүн транзиттик эсебинде турат.

Эске салсак, мурдагы мэр мыйзамсыз баюуга шектелүүдө.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, Азиз Суракматов кызмат абалынан пайдаланып, жер тилкелери менен мыйзамсыз бүтүмдөрдү жасаган.

Июль айынын ортосунда экс-мэр 150 миллион сом, андан кийин дагы 20 миллион сом зыяндын ордун толтурганы белгилүү болуп, андан соң күрөө менен бошотулган.

Элдос Казыбеков

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх