Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар башталды

Оюндардын ачылыш жана жабылыш аземдерин Түркиянын эң мыкты сценаристтери жана режиссерлору даярдашат

Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу Изник ​​шаарында (Бурса) IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгиленгендей, оюндарга даярдыктар башталды.

Жыйында IV ДКОнун ачылыш жана жабылыш аземдерин Түркиянын эң мыкты сценарийчилери жана режиссерлору даярдай турганы белгилүү болду. Мындан тышкары, келген спортчулар жайгаша турган конок үйлөрү визуалдык түрдө көрсөтүлдү.

Белгиленгендей, Көчмөндөр оюндары сентябрдын аягында Изник ​​шаарында өтөт. Бүгүнкү күндө оюндарга катышуу үчүн 76 мамлекет жана 2050 спортчу катталган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх