Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокурор: Экспертиза Kaktus.media сайтынын күнөөсү далилденсе, алар жоопко тартылат

Курманкул Зулушев болуп жаткан окуяларды сөз эркиндигине кысым деп эсептебей турганын билдирди

Экспертизада Kaktus.media редакторлорунун күнөөсү далилденсе, алар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Ал болуп жаткандарды сөз эркиндигине кысым деп эсептейсизби деп сурашкан.

«Бул ишти Биринчи Май районунун прокуратурасы козгогон», - деди Зулушев. Алар функционалдык милдеттерин аткарышты. Кыргызстан биринчи болуп ок ачты деген маалымат болгон үчүн иш козголгон. Бул туура эмес. Мындай учурда ар ким жооп бериши керек. Бул сөз эркиндигине кысым эмес. Журналист, жөнөкөй жаран же мамлекеттик кызматкер – баары мыйзам алдында бирдей. Тергөөнүн алкагында экспертизалар дайындалды. Экспертиза кылмышты аныктаса, алар жоопко тартылат. Болбосо иш жабылат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх