Бишкекте "Кактус Медиага" каршы кезектеги митинг өттү (видео)
Чогулган эл “чет өлкөдөн каржыланган” басылманы жабууну талап кылуусун токтотпой жатат
Жаалданган активисттер кайрадан Кактус Медиа редакциясынын жанына чогулушту. Алардын арасында ЖКнын экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу да байкалды.
Басылманын кеңсесинде 30га жакын адам бар. Митингдин катышуучуларынын бири ата мекендик журналистиканын кызыкчылыгын көздөп жатканын айтып, кеп маалымат каражаттарына басым жасоодо эмес деп ишендирди.
«Кактус Медиа, Азаттык жана Kloop өкүлдөрү болгон чет элдик агенттер жабылышы керек», - деп кыйкырышты.
Белгилей кетсек, Kaktus Media интернет-порталынын кызматкерлери коопсуздук максатында кеңсесинен чыгып кетишкен.
Буга чейин Медиа Полиси Институту ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтотуу жана журналисттердин коопсуздугун камсыздоо өтүнүчү менен кайрылган. Кошумчалай кетсек, митингчилердин чакырыктары Конституцияга каршы келет деп аталды.
Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg